Эстебесов кнсн дагы деле сезбей жатат

Мурду-кулагын кескени бул бир элемент, бетинен да тамтыгы жок да Аселдин. Бүт эле шылып-шылып кесип салган. Мындай мыкаачылыкка кандай кол барат? Кылмыш иш боюнча соттук отурумда айткан сөзүнө таң калдым. Аппеляциялык сотто минтип айтты: “Менин жанымдагы камерада отурган киши энесин өлтүрүптүр, аны 12 жылга соттоду. Энесин өлтүргөндү 12 жылга соттоп атат дагы, мен аялымды ушинтип шылып койгонго ушунча жыл берип атасыңар“, деп нааразымын дегендей болуп калды. Канча отурум болду, бир да жолу кечирим сураган жок. Күнөөсүн сезбей жатат бул киши. Күнөөсүн сезгендер – күчтүү кишилер, булар алсыз кишилер да.
Back to Top