Бөбөктүн суроосу | Кыргызча балдар ырлары | Песенка на Киргизском | Muzбилим | Замира Сатыбалдиева

- Айтып  берчи апаке, Биз суу алчу өзөндүн Ар жагында эмне бар? - өзөн жээги кызыл жар, Ар жагында токой бар - Андан ары эмне бар? -Чөккөн тоодой адырлар. Тоо чокусу аппак кар… - Ар жагында эмне бар? - Биздикиндей кыштактар, - Андан ары чоң шаар. - Андан арычы?... - Океандар..шаар, кыштактар… - Ар жагында эмне бар? - Биз! - Кантип? - Анткени, жер тоголок шар. Созу: Т.Малдыбаев Обону: З.Сатыбалдиева Аткаруучу: З.Сатыбалдиева
Back to Top