Бишкектин борборундагы кз жоосун алган крнш

Бишкек, салт болуп калгандай, “Оймо“ эл аралык маданий фестивалын он сегизинчи ирет уюштурууда. “Оймого“ жыл сайын жетимиш миңге чукул эл келет. Борбор Азиядан, ал тургай Индиядан, Монголиядан, Мексикадан, АКШдан, Малайзиядан, Норвегиядан, Швеция, Кувейттен жүздөгөн музаканттар, дизайнерлер, кол өнөрчүлөр катышат. Бул маданий майрам Бишкектин борборунда Курманжан датканын эстелигинин алдында өтөт. Иш-чара 28-июлга чейин уланат. Фестивалды көрүүгө келгендерге кыргыздын улуттук кийимдеринен турган шоу, көчүп жүрүүчү этнофотостудия, дизайн жана кол эмгеги боюнча чеберлердин сабактары, музыкалык программа жана башкалар тартууланат.
Back to Top