Россиянын вице-премьери Кыргызстандан чыккан лифтке баа берди

Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Марат Хуснуллин Кыргызстандан чыккан лифтке баа берди. Сочиде өтүп жаткан “Евразия — биздин үй“ көргөзмөсүндө ЕАЭБ мамлекеттеринин премьер-министрлерине Бишкектин чет жакасында чыгарылган лифт көрсөтүлдү. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин өзүнүн орун басары Марат Хуснуллинге кабинанын сапатын баалап көрүүнү сунуштады. “Бул жакта калып калбай чыгып кетсем болду“, — деп тамашалады вице-премьер. “Болду, эми Кыргызстандан көрүшөбүз“, — деп жооп берди Акылбек Жапаров. Хуснуллин кабинадан чыккандан кийин “абдан жакшы иштейт экен“ деп баа берди.
Back to Top