Украинадагы биолаборатория: АКШ эмнени жашырып жатат

Россиянын Коргонуу министрлиги Киевдин мурдараак америкалыктар менен биргеликте аскердик-биологиялык жаатта иш алып барган документтерди жок кыла баштагандыгын аныктап чыкты. Россия АКШнын Украинадагы аскердик-биологиялык иштери боюнча далилдерди көрсөттү. Америкалыктар 2005-жылдан тарта Украинадагы биологиялык программаларга 250 миллион доллардан көбүрөөк акча короткон. Аны координация иштери менен Кооптуулукту азайтуу башкармалыгы (DTRA) алектенген. Ал эми маанилүү делген кишилердин арасында америкалык инфекционисттер, вирусологдор, биологдор болгон. Украинада америкалыктар биолабораторияларды куруу жана жаңылоо иштери, аны менен катар эле өтө кооптуу инфекцияларды: холераны, күйдүргүнү, чуманы жана башкаларды изилдөө менен алектенген. 2019-жылдан тарта Украинада кесилгендерге, баңгилерге жана аскерлерге ВИЧ боюнча тажрыйба жүргүзүшкөнү маалым болду. Тагыраагы, нанотехнологиянын негизинде булчуңдардын чарчоосун жаза турган дарыларды украиналык жоокерлерге берип, сынашкан. Чогултулган биологиялык материалдарды АКШга жана башка өлкөлөргө алып чыгып кетишкен.
Back to Top