Соолуган Карек (2012) кыргыз киносу толугу менен

Бул окуя жалгыз жашаган, көзү азиз эненин жашоо менен болгон күрөшүн баяндайт. Өзүнүн бапестеп өстүргөн баласы энесинин көзүнүн сокурдугунан улам карабай таштап кетет. Эс тарткандан бери апасына “АПА“ деген сөздү ыраа көрбөйт. Жадакалса энесинин жанында жүргөндөн да уялат. Апасы өмүр бою баласына зар болуп жүрүп өтөт. Таштап кеткен баласын 10 жыл бою күтүп, акыры өзү издеп жолго чыгат. Өз уулун бир жыттаганга зар болгон энени шаарда эмнелер күтүп турат? Уулу Эркинге жолугабы? Эркиндин көз карашы өзгөрөбү?
Back to Top