йлнгнд сокур тыйыным жок эле

19 жашымда таанышкам. Жубайым 18 жашта эле. Бир ай сүйлөшүп, экинчи айда үйлөнүп алдык. Көтөнгө тепсе бир сом шылдырай турган учур эмес болчу. Жатаканада жашайт элем. Бирок менде жалындуу үмүт бар эле. “Мага ишенип 10 жылдык өмүрүңдү арна” дечүмүн да. Эгер 10 жылдын ичинде сен үмүттөнгөндөй жолдош болуп бербесем, анда деле жашыраак болобуз, 27-28ге чыгасың, кааласаң балдарды алып же таштап туруп кете берсең болот дечүмүн. Кудайга шүгүр, 5 жылда эле сөзүмө туруп, баарына жеткирдим. Келинчегимдин ата-энесине да ушул сөздөрдү өзүм эле айткам. “Менин таянар эч нерсем жок. Мен мындай чоңойгом, өскөм”. Көп үй-бүлөлөрдө финансылык каражатка карай беришет го. Жаш үй-бүлөлөргө деле айткым келет да, ага басым жасап албагыла деп.
Back to Top