ЖЭБ боюнча отурум: Исаков менен Рыспаевдин айтышы

Жогорку Кеңештин депутаттары Бишкек жылуулук борборунда болгон аварияны иликтеп чыгышты. Ушул мүнөттөрдө парламентте депутаттык комиссиянын корутундусу талкууланып жатат. Ага мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков да келген. Талкуу учурунда Исаков эл өкүлү Кожобек Рыспаевди сөздөрдү бурмалап атканын айтты.
Back to Top