200дөн ашуун боз үй, миңдеген конок. Эгемендик майрамынан кызыктуу видео

Чуңкурчак жайлоосунда миңдеген кыргызстандыктар менен чет элден келген коноктор Эгемендүүлүк күнүн майрамдады. Ага катарлаш Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленди. Конокторго Кыргызстандын көз карандысыздыкка жеткен тарыхы, ошондой эле тарыхый инсан Байтик баатырдын өмүр жолу сахналаштырылып көрсөтүлдү. Андан ары улуттук оюндардын жана спорттун 15 түрү тартууланды. Бир тарабында кыргыз күрөш, ары жагында ордо, бери жагында эр эңиш өттү. Эң эле кызыктуусу 31 чакырым аралыкка белгиленген ат чабыш болду. Жайлоого 200дөн ашуун боз үй тигилип, жети дубан, эки шаар өзүнүн айылдарын курган. Этнобазарда кыргыздын улуттук буюм-тайымдары сатылды. Иш-чарага мамлекет башчы Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, экс-президенттер Сооронбай Жээнбеков жана Роза Отунбаева катышты.
Back to Top