Дене табым 40 градуска жетсе да чыдадым

А элге жүрөгү ооруган, маанайы жок Айзада кызыксыз да. Элге кызыксыз болсоң, сен элдин кызы боло албайсың. Эл сени сүйбөйт. Сени сындабайт. Кээде ыйлап турганда көзүңдү аарчып туруп, сахнага чыгып “Саламатсыздарбы? Кандайсыздар?”. Бул автоматтык түрдөгү жылмаюу. Мисирейип, минтип “Саламатсыздарбы? Кандайсыздар?” деп турсаң сени жактырабы эл? Жактырбайт. Ошон үчүн биздин жумуштун бир бөлүгү актриса болушуң керек. Дене табым 40 градуска жакындап, тердеп, колу-бутум титиреп жатканда “Ала-Тоо” аянтында бир иш-чараны алып баргам. Кете албайм, анткени ал президенттин катышуусундагы иш-чара болчу. Ал мен үчүн дагы керек болчу. Андайда көп нерсени айтпай жашырасын да. Кыргызда бардыгыбыз жакшы көрүнгүбүз келет го.
Back to Top