Өзүмдү таштандыга ташталган алып баруучу сезгем

Тойдо чындыгында акча көп. Жеткиликтүү. Бир тойдон эле 500-600 доллар табуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул Кыргызстанда аябай сонун. Кээ бир профессионал кесиптештерибиз “Биз той алып барбайбыз. Биз башка журналисттик нерселерди жасайбыз” дегенде мен өзүмдү таштандыга ташталган алып баруучу же журналисттей сезчүмүн. “Эмнеге той алып баргандан уялам?” деп башында кабыл ала ала лачу эмесмин. Бирок кийин жаркырай баштадым. Кийин түшүнө баштадым. Тойду алып баруу бул кичине болсо дагы талант экендигин. Эң көп гонорарым... 1000 долларга сүйлөшкөнбүз. Той ээлерине жагып, соңунда “Бизге аябай жакты. Ыраазыбыз” деп 500 доллар кошуп беришкен. Ошондо 1500 доллар болгон.
Back to Top