Жетимчилик жана аалам кезген атак. Сахна жылдызы Кайыргл Сартбаева менен видеомаек

Белгилүү опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева 75 жашка чейин ырдаган. Кыргыз маданиятына эмгеги сиңген инсан азыр ардактуу эс алууда. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы СССРдин эл артисти менен маек курду. Болочоктогу атактуу опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева ата-энесинен эрте ажырап жетимчиликтин азабын чеккен. Согуштан кийинки жылдары башынан оор күндөрдү өткөрүп, жылаңайлак, нанга жетпей өскөн. Кичинекей кызды эжеси борбор калаага алып келип мектеп-интернатка тапшырган. Жаштайынан ыр-күүгө жакын өспүрүм Фрунзедеги мектепте обон созуп 16 жашында Москвага окууга жөнөтүлүп, 1962-жылы Петр Чайковский атындагы Москва мамлекеттик консерваториясын аяктап келген. Опера жана балет театрынын 26 жаштагы солисти улуу залкарлар менен сахналаш болуп, жаштыгын, өмүрүн ошол куттуу жерге арнаган.
Back to Top