Легендарлуу “Артекке“ 98 жыл. Тарыхый видео

Бүгүн Советтер Союзунун маалында миллиондогон пионерлердин кыялы болгон Крымдагы “Артектин“ түптөлгөнүнө 98 жыл болду. Тарыхка кайрылсак, 1925-жылы дал ушул күнү тасмасы кесилип, балдарды биринчи ирет кабыл алган. “Артек“ советтик эле эмес, дүйнөнүн чар тарабындагы балдар үчүн эл аралык курорт болуп калган. СССР урагандан кийин лагерь ээнсиреген жайга айланып, 2009-жылы ишин такыр эле токтотууга аргасыз болгон. 2014-жылы Крымдын РФке киришинен кийин баары өзгөрдү. “Артектин“ реконструкциясына 30 миллиард рублден арбын акча салды. Азыр кадимкисиндей иштеп, окуучуларды жайында да, кышында да кабыл алуусун улантып жатат.
Back to Top