Жакында баары ачыкка чыгат. Министр Бейшеналиевди сотко алып келе жаткан видео
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевди сотко алып келишти, бул жерден баш коргоо чарасы каралат.
Соттун имаратына алып кирип келе жатканда журналисттер министрге суроо бергенге үлгүрүштү.
Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебей тургандыгын, бирөөлөр атайылап уюштурган-уюштурбагандыгын тергөө көрсөтөрүн айтты.
Ал эми видеодогу кишилер инвестиция боюнча бир долбоордун алкагында акча берип жаткан чет элдиктер экендигин кошумчалады.
“Муну ким уюштурушу мүмкүн деп ойлойсуз?“ деген суроого жообун айтты.
“Баары жакында ачыкка чыгат. Тергөөдө жазып бердим. Эч кандай кабатыр болбоңуздар. Баарын далилдеп, коюп турам, буюрса“, — деди Бейшеналиев.
Эске салсак, буга чейин министр ири өлчөмдө (110 000 доллар) пара алып жаткан учурда кармалганы айтылып, ал учурдун видеосу да жарыяланган. ИИМ ата мекендик ЖОЖдорго чет өлкөлүк студенттерди кабыл алууда пара талап кылуу фактысы боюнча тергөө жүрүп жатканын кошумчалаган.
Андан соң Бишкектеги убактылуу кармоо жайына киргизилген.
87 views
591
177
1 year ago 00:01:14 225
Жапаров: Жалал-Абад Кыргызстандагы экинчи экономикалык борборго айланат
2 years ago 00:03:54 519
“Бышырып жегиле“, “эмне, кекиликсизби?“. ЖКда мушташа жаздаган депутаттар
2 years ago 00:00:41 160
Жакында баары ачыкка чыгат. Министр Бейшеналиевди сотко алып келе жаткан видео