Бишкектин чыгыш тарабындагы жарым марафон кандай тт. Видео

Бишкекте жыл сайын өтүүчү түнкү KFC Night Run — 2023 жарым марафону уюштурулду. Уюштуруучулардын маалыматына караганда, бул иш-чарага эки миңден ашуун адам катышты. Алар үч дистанцияда — 5, 10 жана 21,1 чакырымга чуркашты. Түшкөн каражаттын бир бөлүгүн Кызыл жарым ай улуттук коомунун алдындагы хосписке беришет. Бул — Кыргызстанда жыл сайын жай мезгилинде өткөн бирден-бир чуркоо. Аны быйыл бешинчи ирет уюштуруп жатышат. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги менен радиосу — KFC Night Run 2023 жарым финалынын маалыматтык өнөктөшү.
Back to Top