Жапаров суучулдарга Ысык-Клд тазалоого жардам берди.

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөн браконьерлердин торлорун жана суу түбүндөгү таштандыларды тазалоого катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди. Аны өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев коштоп жүрдү. Жапаровдун тапшырмасы менен март айынан бери көлдөн 100 чакырымга жакын браконьерлик торлор жана 6,8 тоннага жакын таштанды чыгарылган. Мындай көлөм төрт айга жетпеген убакытта Жети-Өгүз районунан Чолпон-Ата шаарына чейинки акваторияда гана жыйналды. Бүгүнкү күндө көлдү тазалоо иштери батыш багытында жүргүзүлүп, андан соң түштүк жээкте уланып, октябрь айына чейин бүткөрүлөт. Президенттин катышуусунда гана үч саатта көлдөн 500 метрден ашык эски жана жаңы торлор алынган. Алар кайра иштетүүгө жиберилет. “Суучулдар көп күч жумшап, тазалап койгон жерлерден кайрадан торлорду таап жатканы өкүнүчтүү. Эмне үчүн өздөрүнүн туулуп өскөн көлүнө кайдыгер мамиле кылышат?”, — деди Жапаров. Ал Кыргызстан элин жаратылышты аяп, айлана-чөйрөнү, көлдөрдү, дарыяларды келечек муун үчүн сактап калууга чакырды.
Back to Top