Азат устаз Джолдубаев - “Надежда“ диний уюмунун төрагасы

📚Окугандар акылдуу, улук болоор, Билимдүүгө түгөнбөс байлык коноор. “IQRA“ долбоорунун алкагында КИУнун (Кыргызстан Ислам Университетинин) ректору, аалымдар кеңешинин мүчөсү Абдишүкүр ажы Нарматовдун эмгегине таандык “Адам адеби“ жана “Адам көркү адеп“, Москва шаарынын муфтийи Ильдар хазрат Аляутдиновдун “На Путь К Нему“ китептеринен катышып, ар бир инсан билүүсү керек болгон адеп-ахлакты окуп билип алыңыз. Сынактын 1-туру 2022-жылдын 30-октябрында онлайн түрүндө, 2-туру 4-ноябрда офлайн түрүндө Москва шаарында болот. Сынактын максаты жалпы журтка илим-билимдин баалуулуктарын жеткизүү . Сынактын жеңүүчүлөрүнө УМРА, ТУРКИЯ, ӨЗБЕКСТАН мамлекеттерине жолдомолор бар! Ошондой эле 50-орунга чейинки катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан сыйлыктар берилет! “IQRA“ долбоору Москва шаарында иш алып барууда.Учурда экинчи этабы башталды,сынакка каттоо уланып жатат. Байланыш үчүн: 7 925 847-41-50 7 915 354-03-19 “Надежда“ диний уюмунун төрагасы Азат устаз Джолдубаев.
Back to Top