Бишкекте бейтаптын күйөөсү Тез жардамдын дарыгерлерин сабаган

Бишкекте бейтап аялдын күйөөсү Тез жардам кызматынын үч кызматкерин сабап салды. Маалыматты Тез жардам борборунун башчысы Егор Борисов тастыктады. Окуя кечээ, 17-сентябрда, болгон. Бейтап деми кысылып жатканын айтып медиктерге кайрылган. Ага медициналык жардам көрсөтүп жатканда “муунтуп жатканын“ айтып кыйкырган. Борисов андай болбогонун айтып, аялды өзүнө келтирүү үчүн нашатырь жыттатканын билдирди. Тез жардам борборунун маалыматы боюнча, бейтаптын күйөөсү тез жардам бригадасынын дарыгерине коридордон кол салган. Андан соң шериктери менен медициналык мекеменин короосунда медиктерди сабашкан. Ак халатчандардын бири ооруканага жаткырылса, экөө үй шартында дарыланууда. Милицияга арыз жазганы белгиленди. Биринчи май РИИБи бул окуя боюнча 29 жаштагы жигит милицияга алып келинип, кайра коё берилгенин билдирди. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган, анын жыйынтыгына карап юридикалык баа берилет.
Back to Top