Уламышка айланган Улуу ырчы Мыскал Өмүрканованын өзү ырдаган 25 ыры. (аудио) Мемлекеттик Архив

Мыкты аткаруучу, комузчу, коңгуроодой үндүү кыргыздын таланттуу кыздарынын бири – Кыргыз ССРинин эл артисти Мыскал Өмүрканова туурасындагы 10 фактыны беребиз. Бул жаатта бизге ырчы тууралуу иликтеп, китеп жазып жүргөн журналист Айбек Шамшыкеев жана музыка таануучу Балбай Алагушев кеңешчи болду. Мыскал Өмүрканова Дүйшө кызы 1915-жылы Жумгал районундагы Баш-Кууганды айылында туулган. Ал кыргыз искусствосуна, анын ичинен ырчылык өнөрдүн өнүгүшүнө чейрек кылымдан ашуун, 30 жылга чукул салымын тынбай кошуп келген. Кыргыз үнүн узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жеткирип келген уникалдуу талантка ээ ырчылардын көч башында турган улуу инсан. 14 жаштагы кошок. Мыскал Өмүрканованын апасы төрөттөн кайтыш болот. Ошол учурда 14 жаштагы Мыскал сиңдилери Нускал менен Токонду кучактап алып, энесин жоктоп кошкон кошогу алигүнч
Back to Top