Аалы акындын казак акындарына жообу

Жаш болсо да кыргыздын «Ай кашка» акыны аталган Аалы Туткучов жакынкы күндөрдө «Казак акындарына Аалыдан жооп» деген аталыштагы ачуу термесин жазып, элге ырдап чыкты. Төкмөнүн мындай чыгарма жаратышына казак акындарынын республикалык айтышында кыргыздардын дарегине карата айткан кордоо ырлары себеп болгон жана бул жагдайды Аалы мырза «Хабар» телеканалынан өз көзү менен көргөн. Албетте, көкүрөгүндө көрөңгөсү, жүрөгүндө оту бар өнөрпозду андай кемсинткен сөздөр тынч жаткырган эмес. Натыйжада көптөгөн тарых китептерин окуп чыгып, казак элине эмес, казак акындарынын айткандарына каяша казал айткан. Ырас, эзелтен эле казак-кыргыз акындары айтыштарда бирин-бири колдоп да, кордоп да айтышып келишкен. Бирок, улуттун улуттуулугуна шек келтирген асыресе кездешкен эмес. Укпайт деп ушак айтпа, көрбөйт деп ууру кылба
Back to Top