Тойго карабай, спортчуларга жан тарткан эже

Соцтармакта той кызып жатканына карабай, Дүйнө чемпионатына барган спорчуларга жан тарткан эженин видеосу тарады Учурда Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатына катышууда. Анда спортчулар 2024-жылы Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо алуу үчүн күч сынашат. Кечээ Тайырбек Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча коло медаль утту. Азырынча бул – дүйнөлүк чемпионаттагы кыргыз курама командасынын биринчи медалы. Ал эми көпчүлүк чоң үмүт арткан кыз-келиндер жана грек-рим күрөштөрү эртең башталат.
Back to Top