АФКнын кубогу. Аль-Дахрия - Алай 1:1 (7:8) 2014 - КТРК

Футбол боюнча Кыргызстандын 2013-жылкы чемпиону, Ош шаарынын “Алай“ футболдук клубу, “АФКнын кубогу-2014“ мелдешинин тандоо оюнунда Палестинанын “Аль-Дахрия“ клубу менен беттешип жеңишке жетти. 2-фераль күнү болгон беттештин негизги убакыты 1:1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Кошумча берилген эки 15 мүнөттүктө да эсеп өзгөрбөй, жеңүүчү пенальтилер сериясынын жыйынтыгында аныкталды. Анда 8:7 эсеби катталып, “Алай“ жеңүүчү аталып, “АФК -2014“ кубогунун тайпалык баскычына жолдомо алды.
Back to Top