Уланова Алина - Бекташ (Элдик күү)

Уланова Алина Чопо чоордо аткарган “Бекташ“ атту элдик күүсү. Чопо чоор — ак, кызыл чоподон же алардын аралашмасынан жогорку температурада бышырылып жасалган үйлөмө аспап. Илгери балдардын музыкалык аспабы катары бааланып, кыска кайрыктагы күүлөр ойнолгон. Мурда сүйрү, тоголок формада болгон. Үн алуу ыкмасы жана үн өзгөртүүчү көзөнөктөрү 3төн 6га чейин кездешкен. Бүгүнкү күндө бирдей үлгүдөгү – сүйрү тоголок формадагы чопо чоорлор таралган. Азыркылары 8 көзөнөктүү болуп, бардык ноталарды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Аткаруучу - Уланова Алина Copyright Lights Creative Rights Reserved. #Чопочоор
Back to Top