Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында финалга чыгып, Олимпиадага жолдомо утту

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Муну менен ал 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына Кыргызстан үчүн алгачкы жолдомону да утту. Медет кызы жарым финалда колумбиялык Татьяна Ринтерианын заматта эле далысын жерге басып таза жеңиш менен утту. Ал экөө U23 Дүйнө чемпионатынын финалында дагы жолуккан, анда Айпери утуп чемпион аталган. Эми эртең кыргызстандык спортчу алтын медаль үчүн күрөшөт. Айпери Медет кызы буга чейинки айлампаларда атаандаштарына бир да упай бербей утуп чыккан. Алгачкы күрөшүндө румыниялык Каталина Аксентени 11:0, беларустук Анастасия Зимянкованы 10:0, канадалык Жастина Ди Стассиону 11:0 эсеби менен жеңген.
Back to Top