Ошто катуу сел жрп, Алайга бараткан негизги жол жабылып калды. Видео

Ош облусунун Кара-Суу районунда катуу сел жүрүп, Алай району менен бириктирген унаа жол жабылып калды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, бүгүн, 25-апрелде, саат 09:00дөр чамасында жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел Ош — Сары-Таш — Эркеч-Там жолунун 40-44 чакырым аралыгын каптаган. Тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн жерине Жол тейлөө ишканасынан бир жүктөгүч унаа тартылган. Учурда каттам эки тараптуу жабык. МЧС кошумча маалымат берилерин убадалады. “Кыргыз авто жол“ мамлекеттик ишканасынын Ош облусундагы филиалынын директору Нурлан Чырмашев учурда сел түшкөн жерде бир техника иштеп жатканын билдирди. Кошумча дагы бир техника тартылып жатат. Анын айтымында, сел төрт жерден түшкөн, азырынча унаалар өтө албай турушат. Ал арада күбөлөр сууга тыгылып калган автоунаалардын видеосун жиберишти.
Back to Top