Гавасайдан алынчу 12,8 гектар аймак тоо-таштуу жерби Ташиевдин жообу видеодо

Парламентте Кыргызстандын Гавасай тилкесинен ала турган 12 849 гектар жер кандай багытта экени суроо жаратты. Депутат Жанар Акаев Гавасай тоо-таштуу жер экенин, анын ордуна чалкып жаткан сууну алмаштыруу адилетсиз экенине эл нааразы болуп жатканын билдирди. Ал эми эгер Кемпир-Абадда суу какшып калса, жерин алмашып алуу мүмкүн эместигин, келишимдин 11-беренесинде “бул макулдашуу денонсацияланууга тийиш эмес“ деп жазылганын белгиледи. “Сиз айткандын баары баягы популисттердин сөзү, Гавасайга эч ким Кемпир-Абадды алмаштырган жок. Урматуу Жанар Кубанычович, документтерди окубайсызбы, Гавасайды мурда курулбай калган Кемпир-Абаддын сол жээк каналынын ордуна компенсация катары алып жатабыз. “Гавасай тоо-таштуу, керексиз жер“ деп ким айтты? Андай эмес, Кыргызстан үчүн эң сонун жер. Тоолуу, жайыттуу, ошол жердеги элдин жүрөгү болгон жер. Кыргызстандын ар бир тоо-ташы мамлекет үчүн эң керектүү“, — деп жооп берди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Ал эми кийин Кемпир-Абаддын ордундагы жерди алмаштыруу зарылчыгы жаралса, келишимге карабай сүйлөшүүнүн негизинде ишке ашырса болорун айтты.
Back to Top