“Көчмөн элимдин салтын улантып жатам“. Ат чаап, сууга чөмүлгөн Шевченко. Видео

UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстандын туристтик потенциалын жарнамалоону улантууда. Ал социалдык тармактагы баракчасына ат минип жүргөн жана шаркырап аккан сууга түшүп жаткан видеосун жарыялады. “Жаратылыш койнунда үй-бүлө жана досторуңдун курчоосунда ат минип убакыт өткөрүүдөн өткөн нерсе барбы. Кыргызстандагы жай — сыйкырдуу мезгил! Көчмөн элимдин салтын улантып жатам“, — деп жазган Шевченко. Дүйнө чемпиону, мындан сырткары, кыргыз көйнөктөрүн кийип, кыргыз жайлоолорунда жүргөн сүрөттөрүн жарыялоодо.
Back to Top