Легендарлуу Кировец маркасындагы кызыл тракторлор

Журналисттердин көбү өз өлкөлөрүндө айыл чарба техникасынын жетишсиздиги тууралуу маселе көтөрдү. Аларды уюшуруучулар Санкт-Петербург шаарындагы 222 жылдык тарыхы бар трактор чыгарган заводго алып барып, өндүрүш процесси менен тааныштырышты. Ал заводдон легендарлуу “Кировец“ маркасындагы кызыл тракторлор куралат. Техника көп функционалдуулугу, жогорку кубаттуулугу, тейлөөнүн жеңилдиги, күйүүчү-майлоочу материалдарынын үнөмдүү сарпталышы менен өзгөчөлөнүп тургандыктан дүйнөнүн булуң-бурчуна буюртма менен айыл чарба иштерине алып кетишет. “Биз өлкөнүн азык-түлүк программасын камсыз кылууга олуттуу салым коштук. 4000 киши эмгектенген завод ушул күнгө чейин 480 миң трактор чыгарды“, — деди Петербург трактор заводунун өкүлү Александр Соколов. Ошондой эле ал чет элдик журналисттерге кайрылып, бул өлкөлөр менен кызматташууга даяр экенин билдирди.
Back to Top