“Бейтааныш“-2024 Алтынбек Омаралиев

сөзү,обону: Алтынбек Омаралиев аткаруучу: Алтынбек Омаралиев аранжировкасы: Акылбек Айтиев Урматтуу угарман ыр жакса каналга катталыңыз! #kyrgyzstan #rossia #автор #музыка #жаңыырлар #кыргызчаырлар #лирическаяпесня #алтынбек омаралиев Текст Куплет: Көрүп калдым көчөдөн, Тааныштык биз капыстан, Тартып алдың мени өзүңө бейтааныш, Сени өзүмө тандадым, Бирок айта албадым, Башкалардан өзгөчөсүн бейтааныш. Кайрыма: Жактырып мен ашык болдум өзүңө, Бир жылмайып карап койчу көзүмө, Жашырбаймын сага болгон сүйүүмдү, Башкалардан кызганамын өзүңдү. Куплет: Ак жүзүңө суктанам, Сени көрсөм кубанам, Гулдөн сулуу гүлүм болчу бейтааныш, Айга күнгө теңедим, Сендейди мен көрбөдүм, Аялзаттын асылысын бейтааныш. Кайрыма: Жактырып мен ашык болдум өзүңө, Бир жылмайып карап койчу көзүмө, Жашырбаймын сага болгон сүйүүмдү, Башкалардан кызганамын өзүңдү. Сүйлөө иретинде: Көрбөй калсам көздөрүңдү сагынамын, Жолукканда сөз айтуудан тартынамын, Асмандагы ак-куу сымал элестетип, Айтар сөздү ошол замат унутамын.
Back to Top