Унаада кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер й камагына чыкты

Бишкекте автоунаанын ичинде кыз зордуктоого аракет кылды делген мурдагы аткаминер үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты Замир Жоошев билдирди. Буга чейин соцтармактарга окуянын видеосу тарап, милиция аталган факт 15-июнга караган түнү болгонун билдирген. Буга шектүү катары мурда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин биологиялык ресурстар башкармалыгында иштеп кеткен 30 жаштагы жаран кармалган. Андан соң Свердлов райондук соту эки айга тергөө абагына киргизген. Адвокат бул чечимге макул болбой шаардык сотко кайрылып, чоо-жайын талдап беришкенин белгиледи. Жоошевдин айтымында, шектүү (Бека) менен арыз жазган кыз бир жылдан ашык убакыттан бери тааныш. Бир нече айдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн, жигит ага үйлөнүүнү пландап жаткан. Ал кыздын апасы жана агасы менен да тааныш. Окуя болгон күнү кыз шектүүгө жазып, апасы экөөнү тойдон чыкканда алып кетүүнү суранган. Жигит аларды үйүнө жеткирип, апасы кирип кеткенден кийин экөө Токтогул жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги унаа токтотуучу жайда түнкү саат 3:00гө чейин отурушкан. Анан ортолорунда пикир келишпестик чыгып, кыз жигитти ургулай баштаган. Мындан улам ал арыздануучуну машинадан түшүрүп салган. Анан ал үйүнө жөө басып кирип кеткенче карап, буюм-тайымдарын берип, анан өзү кеткенин белгиледи. Жактоочу шаардык сот материалдар менен таанышып, шектүүнүн туруктуу жашаган жери болгонун жана тергөө менен кызматташып жатканын эске алуу менен үй камагына чыгарганын айтты.
Back to Top