«Чалбасы кыргыздары. Эсимде» даректүү тасма. С русскими суббтитрами

«Чалбасы кыргыздары. Эсимде» даректүү тасма “Эсимде” изилдөө аянтчасынын жетекчиси Элмира Ногойбаева менен тарыхчы Гүлзат Алагөз кызынын 2020-2021-жылдары Украинада жана Кыргызстанда жүргүзгөн изилдөөлөрдүн негизинде тартылган. “Эсимде” тобу Украинага Одесса, Киев жана Херсон аймактарына барып, архивдик жана башка материалдардан тышкары кичинесинде Чалбасы айылында кыргыз балдар менен бирге чоңоюп, кийин алар жөнүндө китеп жазган Александра Васильевна менен жолугуп сүргүнгө айдалгандар тууралуу материал чогулткан. Тасманын режиссеру - Талант Акынбеков. 📌 Бул даректүү тасма 1930-жылдары Кыргызстандын аймагынан Украинанын Херсон облусуна сүргүгө айдалган үй бүлө тагдырларын жана ал доордогу саясий процесстерди чагылдырат. 🔖 Бул тасмада — сүргүн окуялары жана бөтөн жерде болуп өткөн кайгылуу жылдар жөнүндө күбөлөрдүн эскерүүлөрү, сүрөттөрү, сүргүнгө айдалгандардын урпактарынын баяндамалары жана архивдик булактардан алынган материалдар камтылды. 📌 XX кылымдын 30-жылдарынын башында Орто Азиядан кулакка тартылып, Украинага сүргүнгө айдоо саясий да, экономикалык да максаттарды көздөгөн. Орто Азиядан кулакка тартылгандар Украинага он жылдык мөөнөткө сүргүнгө айдалышкан. Тасмада бул тууралуу каармандар өз тагдырлары менен бөлүшөт. #эсимде ________________________________________________________________ Команда Эсимде рада объявить — документальный фильм «Чалбасы кыргыздары. Эсимде» теперь доступен на нашем YouTube-канале. 📌Фильм снят на основе исследований, проведенных руководителем исследовательской платформы «Эсимде» Эльмирой Ногойбаевой и историком Гульзат Алагоз кызы в 2020-2021 годах в Украине и Кыргызстане. Режиссер фильма — Талант Акынбеков. 📌В рамках экспедиций в Одесскую, Киевскую и Херсонскую области Украины Эсимде удалось собрать материалы о депортированных кыргызстанцах, изучив архивные материалы, а также познакомившись с Александрой Васильевной – она росла вместе с кыргызскими детьми в селе Чалбасы и позже написали о них книгу. 📌В начале 30-х годов ХХ века депортации из Центральной Азии в Украину преследовали как политические, так и экономические цели. Раскулаченные в Центральной Азии были сосланы в Украину на десять лет. 📌Документальный фильм рассказывает о судьбах семей, депортированных из Кыргызстана в Херсонскую область Украины в 1930-е годы, и о политических процессах того времени. В фильм вошли свидетельства о ссылке и трагических годах на чужбине: воспоминания потомков, фотографии, материалы из архивных источников. ________________________________________________________________________ Сайт: Инстаграм: Фейсбук: Тик-Ток: @esimdekg Твиттер: @esimdekg
Back to Top