Путинден маек алсаң камаласың. Карлсон коркутуулар тууралуу айтып берген видео

Америкалык журналист Такер Карлсонго Россия лидери Владимир Путин менен маектешсе камала турганын эскертишкен. Бул туурасында журналист блогер Лекс Фридман менен интервьюсунда айтты. “Жактоочуларым мен учуп (Россияга) кетер алдында (ири компанияда иштешет) эгерде муну жасасаң Америка өкмөтү санкцияны бузганың үчүн сени камайт деп эскертишти“, — деген Карлсон. Юристтердин мындай бүтүмү анын “жаалын келтирип“, башкы жактоочусу менен сүйлөшкөн. “Көп нерсе Путинге берген суроолоруңа байланыштуу. Эгерде сен өтө эле “жылуу-жумшак“ болсоң, анда сени АКШга кайтып келгенде камашат деди“, — деген Такер. Анткен менен Россияда жүргөндө кооптуулукту сезбегендигин белгилеген. Карлсондун Путин менен интервьюсу 2024-жылдын 9-февралына караган түнү жарыяланган. Эки сааттык маектин басымдуу бөлүгү Украинадагы чатакка, Россиянын АКШ, НАТО, Батыш менен мамилесине арналган.
Back to Top