Уулумду аткан милиционердин ата-энеси шылдыңдады. Акыйкат издеген эненин видеосу
Анара Асангазиеванын жалгыз уулу 2021-жылы августта милиционердин табелдик куралынан каза болгон. Эне соттук иштер бир жылдан бери аягына чыкпай жатканын айтып редакцияга кайрылды.
Баласы Чыңгыз Абдраевдин автоунаасы жол эрежесин бузганы үчүн токтотулган. Андан кийин Кайгуул кызматкерлери менен чатакташа кетип ок жеген эле. Учурда Абдраевдин өлүмүнө айыпталган кызматкер Д.Ж. камакта. Ал күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алган. Кылмышка тийиштиги бар үч кызматкер үй камагына чыгарылган.
Маркумдун энеси жакынкы күндөрү негизги айыпталуучу сотто суракка алынарын, бирок акыйкат чечим чыгарына ишенбей турганын айтты. Күнөөлүүнүн ата-энеси сот отурумдарында аны шылдыңга алып келерин айтты. Ошондой эле үч кызматкер үй камагына чыгып кеткенине нааразы экенин билдирип, бийликтен бардык кызматкерлердин катаал жаза алышын суранды.