(KG subs) Spring Promo: жаңы жана акыркы баскыч

Финишке алып барган жолго чыгып жатабыз! Май айы - Spring Promo’нун жаңы жана акыркы баскычы. Убада кылынгандай эле, канчалык ары барсаңыз, сыйлыктар ошончолук мыкты жана чоң болот. Анда кеп салып берели! Май айынын баш байгеси Май айынын шарттарын аткаргандардын арасынан үч жеңүүчүнү туш келди тандап туруп, алардын кыялын ишке ашырабыз. Жылдын эң маанилүү күнү - компаниянын Туулган күнүндө - NL’дин башкы сахнасына чыгуу мүмкүнчүлүгүн беребиз. Ал эле эмес, ага чыгардын алдында өз ишин мыкты билген визажист менен стилист сизди жасантып-боёнтуп, толугу менен өзгөртүп коет. Башкы байгеге төмөнкүлөр кирет: ✔️ Өз шаарыңыздан Москвага барып, кайра артка кайтууга жол кире төлөнөт; ✔️ Москвадагы 5* мейманканага жайгаштырылуу; ✔️ Таанылуу үчүн NL туулган күнүндө сахнасына чыгуу; ✔️ сахнага чыгардын алдында жасантып-боёнтуу. Бул айда эмне кылуу керек? ▪️ Утушка катышуу үчүн Active Partner’ден же андан жогору даражада болушуңуз керек жана февраль айына салыштырмалуу биринчи катарда 200 PV ЖК менен 4 келишимге өсүшүңүз керек. ▪️ Жеткен максатыңыз менен токтоп калбаңыз. Максаттан тышкары дагы ар бир 4 келишим - утуп алууга шарт түзгөн кошумча мүмкүнчүлүк. ▪️ Баштапкы топтомдордун эсебинен кылынган PV көлөмдөрү эсепке алынбайт. ▪️ ЧККтер промого катыша алышпайт. Шарттар туурасында көбүрөөк маалымат алуу үчүн жана ийгилигиңизди көзөмөлдөш үчүн бул жакка кириңиз: Мына, азыр эмгектене баштаңыз! Кошумча шаймандар NBSU корпоративдик университети жөнүндө унутпаңыз , ал жактан бизнеске чакырык жасаганды жана каршы пикирлерди кантип ийгиликтүу жеңсе болорун үйрөнө аласыз. Бул сиздин утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүздү гана арттырбастан, узак мөөнөттүү келечекте чөнтөгүңүздү да калыңдатат. Жылдын эң маанилүү окуясынын алдында өзүңүздү да, командаңызды жакшылап даярдаңыз. Май айынын башкы байгеси үчүн ат салышып, эң сонун учуруңузда жаркыраңыз. Алдыга, биз сизге ишенебиз!
Back to Top