Ыр жаырган ркзар, ортодогу от, эл менен смлк кайнаткан Жапаров

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бул күндөрү Баткен облусунда иш сапар менен жүрөт. Бүгүн Нооруз майрамынын алдында биринчи айым Айгүл Жапарова сүмөлөк кайнатууга катышкан. Президенттин маалымат кызматы аталган кечки иш-чаранын сүрөттөрүн таратты. Анда жагылган отту, тегерек тарта отурган мамлекет башчысын, аксакалдарды жана ырчыларды көрүүгө болот. Нооруз майрамына карата Баткен облусуна Бишкектен искусство ишмерлери, ырчылар, төкмө акындар, манасчылар, маданият өкүлдөрү барышкан. Жапаров алардын концерттик программасына күбө болгон. Ал эми эртең облустук стадиондо мамлекет башчы Жапаровдун катышуусунда концерттик программанын расмий бөлүгү ачылат. Анын алкагында түндө кайнатылаган бир тонна сүмөлөктү ачып, элге ооз тийгизет. Мындан сырткары, жарманке, көргөзмөлөр, оюн-зоок программалары уюштурулат.
Back to Top