Жасмина & Жылдыз / Беш ыргай

Тургунбекова Жасмина & Абдымаматова Жылдыз «БЕШ ЫРГАЙ» Созу: Элдики Обону: А. Темировдуку Белестеги беш ыргай Беш ыргайды мен кыйбай Бет-бетинен карасам Беш түлөгөн кыргыйдай. Адырдагы алты ыргай Алты ыргайды мен кыйбай Алды-алдынан карасам Алты түлөк кыргыйдай. Кызыл көлдүн боюнда Кызыл ала өрдөгүм Кыз кезинде ойногон Кыйма көкүл мөлмөлүм. Жашыл көлдүн боюнда Жашыл ала өрдөгүм Жаш кезинде ойногон Жайма көкүл мөлмөлүм.
Back to Top