Жер титирөө 2026-жылга чейин болуп турат. Кыргызстандын башкы сейсмологу менен маек
Кыргызстанда 2008-жылдан баштап 2026-жылга чейин сейсмологиялык активдүүлүк күч алып турат. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын президенти, Сейсмология институтунун башчысы Канатбек Абдрахматов айтып берди.
Адис бул аралыктагы жер термелүүлөр беш-алты баллдан ашпай турганына токтолду.
Башкы сейсмолог айткандай, 23-январдын түнүндө Кыргызстанга Кытайда болгон жер силкинүүнүн толкундары гана келип, ал 3,5-4 баллга чейин сезилген. Абдрахматов ал түнү ашыкча дүрбөлөңгө түшкөндөр көп болгонун, буга социалдык тармакка тараган маалыматтар да себеп экенин белгиледи.
“Саат 03:37де жер титирөө кайталанат деп маалымат таратышты. Сейсмологиялык абалды изилдөөгө, жер титирөөнүн качан болуусун болжоого аябай чоң каражат бөлгөн өлкөлөр бар. Бирок ошолор да качан жер титирей турганын билишпейт, аны эч ким айта албайт. Анан ошол маалыматты тараткандар эмнени каалашты? Эмне үчүн элди дүрбөттү? Аларга бирөө акча төлөйбү же кыргыздар балдары менен карда, түндө үшүп турганын көрүп ырахат алабы? Андай болсо аларды оорулуу, садисттер демекмин“, — деди ал.
Мындан тышкары, Канатбек Абдрахматов Бишкектин жака-белиндеги тоо кыркаларында күчү 8-9 баллга жеткен жер титирөө болсо шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн айрымдары урап калышы мүмкүн экенин кошумчалады.
226 views
108
16
1 year ago 00:03:46 1
M7.0 Earthquake Hits China & Kyrgyzstan Border - Jan. 23, 2024 地震 жер титирөө
1 year ago 00:03:58 1
Землетрясение в Кыргызстане: Паника и пробки на дорогах. Как это было? | Earthquake in Kyrgyzstan