КМШнын тптл тарыхын баяндаган баалуу видео

Мындан 32 жыл мурдагы СССРдин аймагында ири чоң саясий, тагдыр чечкен окуялардын бири болгон. Тагыраагы, 1991-жылы 21-декабрда Алма-Атада Шериктештикти түзүү боюнча декларацияга 11 республиканын жетекчилери кол коюшкан. КМШнын түзүлүү тарыхын баяндаган документтерде төмөнкү президенттердин колу турат: Россиянын президенти Борис Ельцин; Азербайжандын президенти Аяз Муталибов; Армениянын президенти Левон Тер-Петросян; Беларустун Жогорку Советинин төрагасы Станислав Шушкевич; Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев; Кыргызстандын президенти Аскар Акаев; Молдованын президенти Мирча Снегур; Тажикстандын президенти Рахмон Набиев; Түркмөнстандын президенти Сапармурат Ниязов; Украинанын президенти Леонид Кравчук; Өзбекстандын президенти Ислам Каримов. 1991-жылдын 21-декабрында кеч кирип калганда, саат 18:00дө союздук 15 өлкөнүн ичинен 11инин жетекчилери тагдыр чечкен чечимди кабыл алат. Ошентип Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги түптөлгөн. Бул саясий кадамга Балтика боюндагы республикалар жана Грузия катышкан эмес. Тбилиси 1993-жылы күздө кирип, кайра биринчилерден болуп 2008-жылы чыгып кеткен. Украина макулдашууну ратификациялап, бирок уставга кол койгон эмес. Бир жылдык мүчө акысын төлөбөй, 2014-жылы шериктештиктен чыгарын айткан. Бирок ал чечимин 2022-жылдын 16-февралында ишке ашырган. Дагы бир республика, Молдова, уставды акыркылардан болуп 1994-жылы апрелде ратификациялайт. Аталган өлкө КМШдан 2024-жылдын аягына чейин чыгып кетүүнү пландап жатат.
Back to Top