Ак-Ордо 3 конушунда й трттрлд. Милиция менен элдин жулкулдашкан видеосу

Ак-Ордо 3 конушунда жер тилкесин талашуунун айынан бир турак жайды түрттүрүүгө аракет болуп жатат. Бул туурасында күбөлөр Sputnik Кыргызстанга кабарлады. Билдирүүгө ылайык, жер тилкесин ишеним каттын негизинде эки адам сатып алган. Алардын бири бүгүн экскаватор менен келип экинчисинин үйүн түрттүрө баштаган. Жеринде 100дөй милиция кызматкери турат. “Эшигимди талкалап, төрт баламды жетелеп чыгышты. Үйүмдү бузуп жатышат. Урматтуу Садыр Нугожоевич, сиз бул жерге келгенде “ким үй салып жашап жаткан болсо ошого документ чыгат“ дегенсиз. Ак-Ордо конушунун баары ишеним кат менен алышкан. Биз да эл катары сатып алганбыз. Анан артынан Тамара деген аял соттун чечимин чыгарып алып келип бузам деп жатат. “10 миң доллар берсең, бузбайбыз“ деп жатышат. Мен 4 баламды араң багып жатам, мынча акчаны кайдан табам“, — деди үй ээси. Күбөлөр жиберген видеодон үй ээси кошуналары болуп чогулуп милиция кызматкерлери менен жулкулдашып жатканын көрүүгө болот.
Back to Top