“Аккан суу“ сөзү: Алыкул Осмоновдуку обону жана аранжировка: Максатбек Сулайманкуловдуку

1991 - жылы ушул ырды чыгарган болчумун, 1992 - жылы Динара Акулова ырдап жүргөн, 1993 - жылы Султан Каримов ырдаган, кийин ушул ырым ушунча жыл жөн эле жатыптыр. Чынында чыгарган ырларын, өзүңдүн балдарың сыяктуу болуп калат экен, ошондуктан бул чыгармамды ырчы эмес, автор, композитор катары аткарып койдум. Анда эмесе сөзү Алыкул Осмоновдуку, обону мага таандык. Сиздер үчүн “Аккан суу“ деген ырымды тартуулаймын! Ай, аккан суу, аккан суу, Ар адамга жаккан суу, Алтын аяк ичинде Абийир, ынсап тапкан суу, Ай, аккан суу, аккан суу, Мүлдө ааламга жаккан суу, Каухар идиш ичинде Кадыр-урмат тапкан суу. Аккан суу ай аккан суу Ар адамга жаккан суу, Оо-иий Аккан суу ай аккан суу Мүлдө ааламга жаккан суу !
Back to Top