Толуктугум карьерамда кп тоскоолдук жараткан

Театр жана кино актрисасы Альбина Имашова Sputnik Кыргызстан агенттигине чыгармачылыгы, үй-бүлөсү жана алдыдагы пландары тууралуу маек курду. Театрдын сахнасында да, тасма талаасында да талыкпай иштеп келе жаткан актриса Альбина Имашова менен маектештик. Маек Имашова 20 жылдан бери эмгектенген, ары ыйык, ары сыймыктуу санаган Кыргыз драма театрында болду. Баарлашуу алдында а“Толгонай” спектаклине күбө болдук. Анда актриса Толгонайдын жаш кезин ойногон. “Айлап-жылдаган даярдыктар, ысык-сууктагы, түн-түн дебеген эмгек, ооруп турсаң да белгиленген күнү сахнага чыгууга аргасызсың... Бирок бул түйшүктүн баары көрүүчүлөрдүн дүркүрөгөн кол чабуусун көргөндө унутулуп, жуулуп кетет“, — деп сөз баштады Имашова. Андан соң үч кыздын энеси болсо да декреттик өргүүгө чыкпаганын, төрөгөндөн 20-30 күн өтүп эле съёмкаларга чыгып кетерин айтып өттү. “Арнис экөөбүз (Арнис Кыдырмышев, жолдошу — ред.) үй-бүлөдө жоктон барды жараттык деп айта алам. Алгач үйлөнгөндө жатаканада кыздарга кошулуп ошолордун бөлмөсүндө жашадык, эки айдан кийин жатаканадан өзүнчө бөлмө беришти. Биринчи өзүбүзгө эки чыны алдык, андан кийин конок келет экен деп дагы эки чыны алдык... Күйөөмө “гүл алып бер, муну-тигини алып бер” деп такыр талап койгон жокмун. Биздин шартыбыз сүйүү дегенбиз, кандай жагдайда болсо да чогуу болуп, бардык түйшүктү чогуу жеңебиз дегенбиз. Ошол сөзүбүз менен келе жатабыз“, — деди Имашова. Актрисанын маегин толугу менен видеодон көрүңүз.
Back to Top