Музейдеги тнг 12 ми конок келди. Маданий иш-чаралардын чордонунан видео

Бишкекте эл аралык салттуу Музейлер күнүнө карата “Музейдеги түн“ акциясы өттү. Мында Улуттук тарых музейинде эле 70ке жакын иш-чара уюштурулуп, 12 миң көрүүчү келди. Маданий жайдагы акция саат дөн гө чейин уланды. Конокторго экскурсия жана лекциялар, живопись жана скульптура боюнча мастер-класстар уюштурулду. Ошондой эле артисттер ар кайсы элдин чыгармаларын аткарышты. Музей кыргыз элинин нарк дүйнөсүн, тарыхын, маданиятын акция аркылуу жайылтуу жана пропагандалоо менен музейлердин ролун көтөрүүчү негизги миссиянын бир багытын жүзөгө ашырат. Музейдеги түн жыл сайын өтчү салтка айланып калды.
Back to Top