Баткен окуясы күч алган кезде кыргыз армиясына Өзбекстандын аскер-аба күчтөрү жардамга келген. Бирок бир катанын айынан коңшу өлкөнүн учактары террорчулар жайгашкан лагерди эмес, Кара-Тейит айылын бомбалап салышкан. Каргашалуу кокустуктан көз жумгандардын тууган-туушканлары менен ошол кездеги президент Аскар Акаев 1999-жылы 2-августта жолуккан.