Бишкекте 12 өлкөнүн ири бизнесмендери жана аткаминерлери жолукту
Эртең саммитте ишкерлер өзүлөрүнүн долбоорлорун сунуштап, пайдалуу келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Бүгүн Бишкекте дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн келген ири бизнесмендер менен аткаминерлер жолукту. Алар калаада өтө турган инвестициялык саммитке катышуу үчүн Кыргызстандын борборуна чогулушкан. Масштабдуу иш-чаранын биринчи күнүнүн эң негизги учурларын биздин видеодон көрүңүз.
Саммитте экономикадан тышкары илим, технология, транспорт, медиа, билим жана маданият тууралуу талкуулар болду. Евразиялык интеграцияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Саммиттин биринчи күнүнүн алкагында ЕАЭБдеги илимий-техникалык кызматташтык боюнча илимий-практикалык конференция, актуалдуу маселелер боюнча талкуулар, ЕАЭБ Ишкерлер кеңешинин президиумунун жана Өнөр жайчылар менен ишкерлердин эл аралык конгрессинин отурумдары, губернатор жана шаар мэрлеринин катышуусунда тегерек стол, Евразия элдеринин ассамблеясынын форуму жана медиа форум өттү.
Эртең, 9-декабрда, ишкерлер өзүлөрүнүн долбоорлорун сунуштап, пайдалуу келишимдерди түзүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Иш-чарага түрдүү банктардын жана инвестициялык фонддордун өкүлдөрү катышмакчы. Буга чейин Кыргызстандын атынан 150дөй долбоор сунушталаары айтылган.
76 views
472
117
1 year ago 00:07:06 1
Балалуу болбой жатабыз,эмне кылуу керек? Шейх Чубак ажы
1 year ago 00:00:31 1
Владимир Путин едет в Бишкек
2 years ago 00:06:47 17
АЧУУ ЧЫНДЫК!!! Шейх Чубак ажы
2 years ago 00:25:26 1
Дорога из Кыргызстана в Россию через Казахстан на машине. Road Kyrgyzstan, Kazakhstan, Russia.