Аскар Акаев: Тергөөгө жардам бергени келдим

Мурдагы президент Аскар Акаев Кыргызстанга бийлик менен кызматташуу максатында келгенин айтты. Бул тууралуу ал 2-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен (УКМК) сурактан чыккандан кийин журналисттерге билдирди. Акаев “Кумтөр” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактылары боюнча кылмыш ишин иликтөө алкагында дүйшөмбүдө Бишкекке келген. Ал “Кумтөргө“ байланыштуу “чоң суроолор“ бар экенин белгилеп, бир жума Бишкекте болорун, суракка келип турарын айтты.
Back to Top