Тркияга жнтлгн боз йлрд ал жактагы мекендештер тигип жатат

Түркиядагы катуу жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарында жабыркаган жарандарды убактылуу жайгаштыруу үчүн Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөр тигиле баштады. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, кечээ атайын учак менен жеткирилген 78 боз үй Кыргызстандын диаспора өкүлдөрүнөн жана студенттеринен, Түркияда жашаган этникалык кыргыздардан түзүлгөн ыктыярчылар тарабынан тигилүүдө. Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев, дипөкүлчүлүктүн кызматкерлери да көмөк көрсөтүп жатканы белгиленди. Стамбулда иштеп жүргөн мекендештердин бири Нурланбек Усубакун боз үйлөр Кахраманмараш шаарынын борбордук футбол стадионуна тигилип жатканын айтты. Аны үчүн атайын Түркиянын ар кайсы шаарынан жекшемби күнү 100дөй кыргызстандык, 30дай вандык кыргыз келгенин белгиледи. “Бүгүн дагы учак менен боз үйлөр келе жатыптыр. Баарын орнотуп коюп үч-төрт күндөн кийин кетебиз“, — деди Усубакун.
Back to Top