Донбасстагы кмр казууну рг жетелегендер

Донбасстагы көмүр казуунун тарыхы жана советтик жаштардын — комсомолдун жардамы менен бул тармактын көтөрүлүп кеткендигин баяндаган тарыхый видеосюжетти Sputnik Ближнее зарубежье таратты. 1950-жылдын ортосунда Донбасстын көмүр өнөр жайы кара алтынды казуу планын аткара алган эмес, ал эми өндүрүш көлөмү согушка чейинки деңгээлге да чыга албай калган. Мындай кырдаалды КПССтин Борбордук Комитети башкача жол менен чечкен. Жаштарга шахтада келип иштөөгө чакырык салган. Комсомолдун мүчөлөрү буга көп узатпай жооп кылышкан. Эки жумадан кийин, 1956-жылдын ноябрында 50 миң арыз түшкөн. Эки жылда Донецкиде 37 шахта курулуп, кен 1958-жылы алты миллион тонна көмүр берген.
Back to Top