Баткенге й курууга университеттердин акчасы алынган. кмт кайтарып бере элек
Баткенде талкаланган үйлөрдү курууга бир нече мамлекеттик жогорку окуу жайдын акчасы алынган. Маалыматты финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева тастыктады.
Анын айтымында, алынган каражат учурда кайтарыла элек.
“Университеттерге азырынча бере элекпиз. Бирок ал республикалык бюджетте каралган. Чукул арада канча алсак, ошончосун толуктап беребиз. Учурда университеттердин атайын эсептеринде 8 миллиард сомдон ашык сумма турат. Азырынча муктаждык жок. Ушул же кийинки айда толугу менен кайтарып беребиз“, — деди Дүйшеева.
Ал “документтер жанымда жок эле“ деп ЖОЖдордон канча сумма алганын так айта алган жок.
Улуттук университеттин ректору Абдырахман Төлөбеков окуу жайдын бюджетинен каражат беришпегинин, бирок башка университеттерден алышканы туурасында укканын айтты. Мунун айынан мугалимдерге айлык төлөөдө көйгөй жаралган учурлар болгон.
Ал эми Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков алардын бюджетинен акча алынганын тастыктаган да, четке каккан да жок.
“Өзүбүздүн акчабыз казынада турат, баарын бир мезгилде албайбыз да. Керек учурда иштетебиз. Ал каражатты каякка жылдырып жатканын мен билбейт экенмин, суроону Финансы министрлигине бериш керек го. Студенттерден чогулган акча башка максатта колдонулбайт, эгер алган болсо кайра ордуна коюшат. Башкысы, өзүбүздүн акчабызды өзүбүзгө беришет. Азырынча бизде көйгөй жок“, — деди Кожобеков.
Белгилей кетсек, Баткенде талкаланган 418 үйдү курууга республикалык бюджеттен 1,3 миллиард сом бөлүнгөн. Курулуш иштери 2022-жылдын октябрында башталып президент Садыр Жапаров жаңы жылга чейин баарын бүткөрүүгө тапшырма берген. Бирок ал аткарылбай, кийинчерээк башкы подрядчы “Аманат курулуш инвест“ компаниясы март айында иш толук соңуна чыгарын убадалаган. Бирок мөөнөтү кайра-кайра жылып отуруп, эми майда бүтөрү айтылууда. Курулуш иштерин көзөмөлдөө президенттин иш башкармалыгына тапшырылган.
3 views
243
66
2 months ago 00:59:17 195
Баткен - Жалалабад I Лига 40+ I 7-й тур
2 months ago 00:04:58 17
FPV самая недорогая камера - супер-батки - 3х дюймовый дрон | Новые FPV-посылочки и очумелые ручки
2 months ago 00:53:38 202
Доктор Абдулнур - Баткен I Лига 40+ I 6-й тур
2 months ago 00:05:33 147
Баткен - Сокулук I Лига 40+ I 5-й тур (Обзор матча)
2 months ago 00:57:30 170
Баткен - Сокулук I Лига 40+ I 5-й тур
2 months ago 00:55:00 200
Алга - Баткен I Лига 40+ I 4-й тур
3 months ago 00:50:34 208
Баткен - Интер KG I Лига 40+ I 3-й тур
3 months ago 00:06:31 179
Базар-Коргон - Баткен I Лига 40+ I 2-й тур (Обзор матча)
3 months ago 00:57:11 250
Базар-Коргон - Баткен I Лига 40+ I 2-й тур
3 months ago 00:01:00 13
Школы и стадион отремонтируют в Баткенской области Кыргызстана
3 months ago 00:53:40 218
Баткен - Караван I Лига 40+ I 1-й тур
4 months ago 00:00:45 12
Comedy Баттл: Дуэт “Батков и Сиволап“ - Друг с серьёзными связями
5 months ago 00:00:33 1
Третья батка
5 months ago 00:00:49 1
Надо четвертую батку?
6 months ago 00:14:38 376
Путин и Жапаров открывают школы в Кыргызстане. Полное видео