Мыйзамсыз иштерге барган. Жапаров Профсоюздар федерациясын катуу сындады

Профсоюздар федерациясы акыркы 30 жылда санаторий, курорттук жана туристтик объектилерди өнүктүрүүдө маанилүү натыйжаларга жетише алган жок. Мындай сынды өлкө башчысы Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Жыргалаң санаторийине барганда айтканын президенттик администрация маалымдады. “Федерацияга жыл сайын 600 миллион сомго жакын каражат, 30 жылда жалпысынан 6,5 миллиард сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, 2021-жылга чейин республикалык бюджеттин эсебинен жыл сайын 5 миллион сомдон балдар лагерлерине каражат бөлүнүп турган“, — деди Жапаров. Ал Жыргалаң курортун оңдоп-түзөөгө жана курууга 150 миллион сомго жакын каражат сарпталганын, Профсоюздар федерациясы иштеген жылдар бою алар тараптан бир дагы жаңы объект курулбаганын же болгон объектилер капиталдык оңдоодон өткөрүлбөгөнүн белгиледи. “Бул убакыттын ичинде санаторийлерде көрсөтүлгөн кызматтардын сапаты абдан төмөндөдү. Иш берүүчүлөрдүн эсебинен жыл сайын чогултулуп жаткан финансылык каражаттарга карабастан объектилер өтө кейиштүү абалда. Ошол эле учурда бардык эле кызматкерлер санаториялык-курорттук мекемелерде эс алууга мүмкүнчүлүк ала албагандыгын белгилей кетүү зарыл“, — деди өлкө башчы. Мындан тышкары, ал жолдомолорду бөлүштүрүүдө да коррупциялык схемалар болгонуна токтолду. Мамлекет башчысы айткандай, Профсоюздар федерациясынын мүлкү жана жер участоктору мыйзамды айланып өтүп, үчүнчү жактарга сатылган, ал эми профсоюз мыйзамдары боюнча алардын мүлкү сатылбашы керек. Алардын балансында турган 284 объектинин ичинен 134 объект мыйзамсыз сатылган. Жапаров Башкы прокуратурага жана Эсеп палатасына мыйзамсыз берилген объектилерди жана жер тилкелерин инвентаризациялоо, аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча ишти баштоону тапшырды. Министрлер кабинетине Профсоюздар федерациясы менен алардын иштөө принциптерин кайра карап чыгуу, санаториялык-курорттук жана туристтик объектилерди заманбап, ылайыктуу абалга келтирүү үчүн биргелешкен иш-аракеттердин конкреттүү планын белгилөө, ошондой эле жолдомолорду бөлүштүрүү принцибин кайрадан карап чыгууну тапшырган. Президенттик администрациядан маалымдашкандай, Жыргалаң санаторийи 1964-жылы курулган. Сөөк-булчуң системасы, нерв жана гинекологиялык оорулар менен ооругандарды дарылоого адистешкен. Негизги дарылоочу фактор болуп суунун температурасы 40... 43 °C болгон минералдык суулар эсептелет. “Көп жылдар бою санаторий Профсоюздар федерациясынын балансында турган жана жараксыз абалга келген. Ал эми 1995-жылы санаторийдин тазалоочу курулмалары эскирип, талапка жооп берген эмес. Ошондон бери ал жерде эч кандай реконструкция, модернизация жүргүзүлбөптүр. Ушул жылы санаторий Президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүп берилип, курулуш иштери башталган. Бүгүнкү күндө 37 коттедждин жана үч кабаттуу төрт корпустун курулушу аяктады. Мындан тышкары, санаторийдин аймагында жаңы алты бассейн, ашкана жана административдик корпус курулду“, — деп айтылат маалыматта.
Back to Top