Саламат Садыкова - Кыргыз жери (Анталия шаары 2019)

“Кыргыз эли“ коому тарабынан уюштурулган “Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана “Манас“ эпосу“ масштабдуу маданий иш-чарасы бийик деңгээлде өттү. 2019-жылдын 12-июль күнү Анталия шаарындагы Кыргыз мекендештерибиз жана Түрк боордошторубуз үчүн өзгөчө күн болуп калды. Себеби “Кыргыз эли“ коомунун демилгеси жана эмгеги менен жалпы эмгек жамаат биригип Түркияда “Ак-Деңиз кечинде Кыргыз маданияты жана “Манас“ эпосу“ маданий иш-чарасын өткөрүштү. Кенен, масштабдуу түрдө түзүлгөн иш-чаранын бөлүктөрү элдин кол чабуулары жана ыраазычылыгы менен коштоп жатты. Алсак эң алгач 11-июль күнү Кыргыз боз үйү Муратпаша муниципалитетинин жанындагы чоң аянтка курулду. 12-июль күнү жасалгалуу боз үйдө Кыргыз салт-санаасын көргөзгөн көргөзмөлөр көрсөтүлдү. Улуттук стилдеги сувенирлердин көргөзмөсүн Анкара шаарынан келген “Айжан этно“ башчысы Айжан айым өз колуна алып мыкты сувенирлерди эл назарына койду. Саат:10:00 дөн баштап кечки 20:00 гө чейин уланган бул көргөзмө келген конокторду кайдыгер калтырбай суктануу менен көңүл буруп жатышты. Ал эми саат:12:00-13:00 арасында Стамбул шаарынан келген Жылдыз айым өз сүрөт көргөзмөсүн кылды. Аталган сүрөт көргөзмөсүндө Кыргызстандын мыкты сүрөтчүлөрдүн эмгектери дагы коюлуп эл тарабынан бийик бааланды. 13:00-19:00 гө чейин Кыргыздын боз үйүнүн ичинде ак элечек кийген энелер, шөкүлөчөн эжелер, асылзат айымдар улуттук даамдардан куралган дастарконун жайып келген конокторду жылуу маанай менен тосуп алып жатышты. Анталия шаары туристтерге бай шаар болгондуктан Түрк, Орус, Казак, Татар, Англис жана башка улуттун өкүлдөрү жандуу маданиятыбыз менен таанышып жатты. Арасында алгачкы жолу көрүп суктанып жатса, кээ бири көптөн бери боз үйгө кирбей сагынгангандыгы жана Анталия шаарындагы курулгандыгы жагымдуу көрүнүш экендигине токтолуп жатты. Албетте элдин бүйүрүн кызытып күткөн концерттик программа Муратпаша муниципалитетинин маданият залында саат: 19:00 дө старт алды. Алгач Түркия Республикасынын жана Кыргыз Республикасынын гимндери ырдалды. Аталган иш-чаранын уюштуруучулары “Кыргыз эли“ коомунун башчысы Рысгүл Кадырова жана “Түркмен эли“ коомунун башчысы Юнус Баятлы кенен маалымат берип сахнага КРнын Стамбул шаарындагы Башкы консулу Эркин Сопоковду ачылышын жасоого чакырды. Андан соң Анкара университетинин профессору, филология илимдеринин доктору Гүлзира Жумакунова “Кыргыз маданияты“ жөнүндөгү илимий докладын окуса, Кыргызстандан келген, Кыргыз-Түрк “Манас“ университетинин мугалими, доцент: Алпаслан Ашык “Манас“ эпосу боюнча түрк тилиндеги докладын окуду. Концерттик программа “Манас“ эпосунан үзүндү аткарылып театралдашкан постановканы элечекчен энелер аткарылды. Коом башчы башкы катчысы Светлана Эсенгүл кызы даярдаган театралдашкан үзүндү элдин купулуна толду. аншлаг коштогон концертте Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова, Маданияттын мыктылары Догдурбай Урманбетов жана Лира Урманбетовалар ырдап мындан сырткары “Лира Севенден 21-кылымдын шөкүлө майрамы“ аталышында 12 кыздан турган чон көргөзмөсү болуп өттү. Гүлзада Рыскулова алгач “Курманбек“ ыры менен элди көтөрүп “Мен Кыргыздын кызымын“ чыгармасы алга карай жетеледи. (Уландысы кийнки чыгарылыштардан окусаңыз болот) “Кыргыз эли“ коомунун маданият жана маалымат бөлүмү Анталия шаары,
Back to Top